05 июль 2024
Кароолор: 152
Кадамжай районунун Ак-Турпак жана Бирлик айыл аймактарынын айыл өкмөт башчылары алмаштырылды.

Кадамжай районунун Ак-Турпак жана Бирлик айыл аймактарынын айыл өкмөт башчылары алмаштырылды.
Бүгүн аким Б.Баяке уулунун буйругунун негизинде Айдаров Артыкбай Нишанбаевич Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан бошотулуп, Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна дайындалды.
Ошондой эле Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Маканбаев Жээнбек Абдирасулович кызмат ордунан бошотулуп, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна дайындалды.