01 июль 2025
Кароолор: 11
Кадамжай районунун акими "Генерал Груп" ЖЧКсынын өкүлдөрү жана инвесторлору менен жолукту

2025-жылдын 1-июлунда Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулу Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн Шыбран участкасында көмүр казуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан "Генерал Груп" ЖЧКсынын өкүлдөрү жана инвесторлору менен жолугушту.
Жолугушууда "Генерал Груп" ЖЧКсынын учурдагы ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана көмүр кен казуу тармагындагы алдыдагы пландары боюнча маалымат берилди. Ошондой эле компания тарабынан ишке ашырылуучу жол картасы менен таанышуу болду.
Аким Б.Баяке уулу инвестициялык иштерди колдоо жана район аймагында көмүр тармагын туруктуу өнүктүрүү маанилүү экендигин белгилеп, Кадамжай районунуна келген инвесторлор менен райондун экономикасын жана социалдык тармактарын өнүктүрүү, кошумча жумуш орундарын түзүү жана жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында ар тараптуу колдоо көрсөтүүлөрү жөнүндө айтып, инвесторлордун иштерине ийгиликтерди каалады