22 декабрь 2023
Кароолор: 185
Кадамжай районунун акими Ак-Турпак айыл аймагынын эли менен жолугушту

Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткан Ак-Турпак айыл аймагынын эли менен жолугушту. Жолугушууда Кадамжай РИИБнүн 11 айлык отчетунун жыйынтыгы угулуп, коомдук коопсуздук маселеси, кылмыштуулуктун алдын алуу жана башка көйгөйлөр талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшундө Кадамжай районунун акими Баяке уулу Болоткан жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн укту. Ак-Турпак айыл аймагынын тургундары таза ичилүүчү жана сугат суу маселесин чечүү, мамлекеттик фонддун жерлерин бөлүштүрүү о.э. балдар бакчасынын жетишсиздиги маселесин айтып, кайрылышты. Элдин социалдык проблемаларын уккан райондун башчысы тийиштүү ведомвстволор менен биргеликте райондук деңгээлде комиссия түзулүп, иш алып барыларын баса белгиледи.
Ал эми жаңыдан кызматка дайындалган райондун башчысына айыл тургундары ишине ийгиликтерди каалап, батаасын беришти.