18 апрель 2026

Кароолор: 7

Кадамжай районунун акими Б. Баяке уулу Майдан айыл өкмөтүндөгү №67 «Кыргызстандын 10 жылдыгы» жалпы билим берүү мектебинин курулуш иштеринен кабар алып, ишембиликке катышты.

2026-жылдын 18-апрелинде Кадамжай районунун акими Б. Баяке уулу Майдан айыл өкмөтүндөгү №67 «Кыргызстандын 10 жылдыгы» жалпы билим берүү мектебинин курулуш иштеринен кабар алып, ишембиликке катышты.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2025-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган №265-т тескемеге ылайык, “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында аталган жалпы билим берүү мекемесинде ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө аким айлана-чөйрөнү коргоо, жашылдандыруу иштеринин маанилүүлүгүн белгилеп, мындай демилгелерди туруктуу негизде улантуу зарылдыгын билдирди.