17 июнь 2025

Кароолор: 30

Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулу Майдан жана А.Масалиев айыл аймактарында жүрүп жаткан мектептердин курулуш иштери менен жеринде таанышып чыкты

2025-жылдын 17-июнунда Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. Баяке уулу, Майдан жана А.Масалиев айыл аймактарынын башчылары жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте иш сапары менен барышты. Иш сапардын негизги максаты — Майдан жана А.Масалиев айыл аймактарында жүрүп жаткан социалдык инфраструктуралардын, өзгөчө билим берүү мекемелеринин курулуш иштеринин абалын жеринен көрүп чыгуу болду.

Аталган сапардын алкагында аким Б.Баяке уулу Майдан айыл өкмөтүндө жайгашкан “Кыргызстандын 10 жылдыгы” жана “Сары-Алтын” ошондой эле А.Масалиев айыл өкмөтүндө жайгашкан “Бобур” орто мектептеринин курулуп жаткан имараттарына барып, курулуш иштери менен таанышып чыкты.

Жолугушуунун жүрүшүндө объектилердин курулушунун учурдагы абалы, аткарылып жаткан иштердин сапаты, пайдаланууга берүү мөөнөттөрү, курулуштагы каржылоо жана материалдык камсыздоо маселелери боюнча маалыматтар берилди. Аким Б.Баяке уулу жооптуу тараптарга курулуш иштерин тездетүү, сапатка өзгөчө көңүл буруу жана бардык иштерди белгиленген мөөнөттөрдө бүтүрүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Мындай иш сапарлар район аймагындагы социалдык объектилердин курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөө жана калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.