03 октябрь 2025
Кароолор: 20
Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулу Үч-Коргон айылынын тургундары менен жолукту

2025-жылдын 3-октябрында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылына караштуу Суухана айылынын эли менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б.Баяке уулу, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундары катышты.
Иш-сапардын алкагында жергиликтүү калктын көйгөйлөрү жана сунуштары талкууланып, жолдордун абалы, таза суу маселеси, социалдык объектилер, инфраструктураны өнүктүрүү сыяктуу бир катар маселелер көтөрүлдү.
Аким Б.Баяке уулу жергиликтүү тургундардын суроолоруна жеке жооп берип, көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү органдар менен биргеликте карап чыгуу жана мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө чечүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.