01 июль 2025

Кароолор: 12

Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында жыйын болуп өттү

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Баяке уулу Болоткан катышуусунда райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, башкы эсепчилер, соц адистер, аялдар, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, баш имамдар, ЖДПБнун жетекчилери, мектеп жетекчилери, райондук билим берүү бөлүмүн кызматкерлери катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

1. 2025-жылдын жергиликтүү бюджеттеринин аткарылышы жана акча каражаттарынын калдыгы;

2. 500 млн сомдон каржылануучу долбоорлордун аткарылышы (Кадамжай, Айдаркен шаарлары жана Бирлик айыл аймагы);

3. Окуу жылынын жыйынтыгы жана билим берүүдө жетишкендиктер менен көйгөйлөр;

4. Жол кырсыктарынын алдын алуу;

5. Эненин жана ымыркайдын өлүмүн алдын алуу;

6. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу;

7. Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) таштоочу жайлар боюнча маселелер.

Жыйындын жүрүшүндө талкууланган бардык маселелер боюнча мындан ары иш алып баруу үчүн тиешелүү тапшырмалар берилди.