16 июнь 2025

Кароолор: 25

Кадамжай районунун акими ишкерлер менен биргеликте өнүгүү жолдорун карады

2025-жылдын 16-июнунда Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Баяке уулу район аймагындагы жеке ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун негизги максаты – ишкерлердин көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин угуп, аларды чечүү жолдорун биргеликте талкуулоо, ошондой эле райондо ишкердик чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу болду.

Иш-чарага райондун аймагындагы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, “Айыл Банк”, “Элдик Банк” ААКнун Кадамжай филиалдарынын жетекчилери, “Кепилдик фондунун” Баткен филиалынын жетекчиси жана район аймагында иш алып барган чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү, соода-сатык, айыл чарба жана тейлөө тармагындагы ишкерлер катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес өкүлдөрү салыктар, уруксат берүү процесстери, инфраструктура маселелери жана жер тилкелерин пайдалануу боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү.

Аким Б.Баяке уулу өз сөзүндө жергиликтүү бийлик ар дайым жеке сектор менен тыгыз иштөөгө даяр экенин белгилеп, бизнеске колдоо көрсөтүү – райондук администрациянын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирди. Ал ошондой эле ишкерлерге мамлекеттик программалар, жеңилдетилген насыялар жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип өттү.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да туруктуу негизде диалог түзүп, кызматташууну улантууну макулдашышты.