27 март 2024

Кароолор: 38

КАДАМЖАЙ РАЙОНУНУН АКИМИ ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛАДЫ

   Үстүбүздөгү жылдын февраль айында болуп өткөн Баткен облусу боюнча предметтик олимпиадага Кадамжай районундагы билим берүү мекемелеринен жалпы 34 окуучу катышкан. Белгилей кетсек, олимпиадага облустун аймагынан 3 шаар жана 3 райондордон 186 бала түрдүү предметтер боюнча таймашкан. Жыйынтыгында Кадамжай районунан 16 окуучу 1,2,3-орундарга ээ болуп, облус боюнча район эң мыкты көрсөткүчтү берген.

  Бүгүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткан байгелүү орундарды алган 16 окуучуну жана аларды предметтер боюнча даярдаган мугалимдерди куттуктап, дем берүү максатында сыйлыктарын тапшырды. “Жаштардын көңүлүн билимге бургубуз келет!” -деген райондун акими облустук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө республикалык олимпиададан ийгиликтүү орундарга жетишүүнү каалап кетти.