13 август 2026

Кароолор: 5

Кадамжай районунун акими жер талаш маселесин жеринен карады

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу тиешелүү жетекчилер жана жооптуу кызматкерлер менен биргеликте Кадамжай шаарындагы жер талаш маселесин жеринен карады.

Жеринде тиешелүү тараптардын пикирлери угулуп, талаш жараткан жер тилкесинин учурдагы абалы менен таанышуу жүргүзүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө маселенин мыйзам талаптарына ылайык, бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен калыс чечилишин камсыз кылуу боюнча тиешелүү жетекчилерге жана жооптуу кызматкерлерге тапшырмалар берилди.