26 апрель 2024

Кароолор: 15

Кадамжай районунун акиминин предметтик олимпиадасынын жеңүүчүлөрү сыйланды

    Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулунун демилгеси менен билим берүү мекемелеринде балдарды эрте курактан өнүктүрүү жана окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында о.э. таланттуу, шыктуу балдарды аныктоодо өбөлгө болгон кароо-сынак быйыл биринчи ирет уюштурулду. Олимпиадага райондун аймагындагы 5-6-класстын окуучулары жалпы 1468 бала катышты.

Предметтик олимпиада Кадамжай шаарындагы "Семетей" лицейинде математика, кыргыз тили, орус тили, англис тили, жана тарых сабактарынан, ушул жылдын март-апрель айларында эки баскычта болуп өттү.

Жыйынтыгында район аймагындагы 6 мектеп жогорку көрсөткүч берип, 35 окуучу жеңүүчү деп аныкталды. Бүгүн предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жана аларды сынакка даярдаган мугалимдерге район акими сыйлыктарды тапшырды. Аталган кароо-сынак мындан ары жыл сайын салттуу түрдө уланып, билим берүү сапатынын жакшыруусу менен балдарды билимге тартууга шарт түзөт.