22 октябрь 2025
Кароолор: 437
Кадамжай районунун А.Орозбеков айыл аймагындагы Кызыл-Булак айылында жайгашкан “Молдо-Нияз” орто мектебинде өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоого жана ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.

2025-жылдын 22-октябрында Кадамжай районунун А.Орозбеков айыл аймагындагы Кызыл-Булак айылында жайгашкан “Молдо-Нияз” орто мектебинде өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоого жана ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Аталган иш-чара Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М.Айтматовдун тапшырмасына ылайык уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, жол кырсыктарынын жана кибер кылмыштардын алдын алуу, ата-энелерди балдардын тарбиясына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакыруу болуп саналат.
Иш-чарага Кадамжай РИИБдин кызматкерлери, райондук администрациянын, Билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана мечиттин имамдары катышышты. Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 жарлыгынын мааниси, жол коопсуздугун сактоо эрежелери, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана аны болтурбоо боюнча кеңири түшүндүрмө берилди.
Мындан тышкары, “Укук тартип” аталышындагы алдын алуу жыйыны өткөрүлүп, мугалимдер жана милиция кызматкерлери менен биргеликте өспүрүмдөрдүн коомдук жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу багытында пикир алмашуулар болду.
Бул иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды туура нукта тарбиялоо — ар бир жаран үчүн маанилүү милдет экенин баса белгилешти.