21 октябрь 2025

Кароолор: 390

Кадамжай районунун ардагерлер кеңешинин конференциясы болуп өттү

Кадамжай районунун ардагерлер кеңешинин конференциясы болуп өттү. Иш-чарага аймактардан шайланып келген ардагерлер кеңештеринин төрагалары катышты.

Конференцияда райондук ардагерлер кеңешинин төрагасынын акыркы эки жыл ичиндеги аткарган иштери боюнча отчёт угулуп, анын негизинде жаңы курамдагы райондук ардагерлер кеңеши шайланды.

Иш-чарага Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары М.Айтматов катышып, ардагерлерди конференциянын жыйынтыгы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө район аймагында ардагерлер кеңештеринин орду чоң экенин, жаш муундарды тарбиялоодо жана коомдук турмушка кошкон салымы зор экенин белгиледи.

Конференциянын жүрүшүндө өз ишин мыкты аткарган аймактык кеңештердин төрагаларына Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыраазычылык баракчалары жана облустук ардагерлер кеңешинин төш белгилери тапшырылды.

Катышуучулардын көпчүлүк добушу менен райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп Иманали Орунбаев шайланды.