04 декабрь 2025
Кароолор: 9
Кадамжай районунун Кара-Жантак айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди

Кадамжай районуна караштуу Кара-Жантак айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) имараты республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган шарттар түзүлдү.
Жаңыланган имараттын ачылыш аземине Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу, акимдин орун басары М. Айтматов, Кадамжай шаарынын мэри А. Мурзажанов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, медицина кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Мындан тышкары, медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Кара-Жантак айылынын тургуну, жергиликтүү кенештин депутаты К. Рахманов тарабынан үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна желмаян белекке тапшырылды. Бул демилге айыл калкынын өз убагында медициналык жардам алышын жеңилдетүүгө зор салым кошот.
Капиталдык оңдоп-түзөө жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Кара-Жантак айылынын саламаттык сактоо тармагынын материалдык-техникалык базасы бекемделип, калк үчүн ыңгайлуу жана натыйжалуу медициналык кызмат көрсөтүү шарттары түзүлүүдө.