16 май 2025
Кароолор: 22
Кадамжай районунун курама кыздар командасы республикалык чемпионатта 1-орунду камсыз кылды

Бишкек шаарында өткөн волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында 16 жашка чейинки кыздар арасындагы мелдеште Кадамжай районунун курама командасы мыкты оюн көрсөтүп, 1-орунду ээледи.
Бул чоң жетишкендик үчүн команданын машыктыруучусу С.Ташбаев жана анын командасы Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу тарабынан "Ыраазычылык каты" жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Мындан сырткары, 9-май — Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналган райондук деңгээлдеги иш-чарага жигердүү катышып, майрамдык иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулуп өтүшүнө салым кошкон бир катар мектептер да ыраазычылык каттары менен сыйланышты.