24 декабрь 2025
Кароолор: 5
Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б. Баяке уулунун жетекчилиги астында жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, ИДН кызматкерлер, шаар мэрлеринин, айыл өкмөт башчыларын орун басарлары, райондун имам хатиби, айылдагы баш имамдар, соцадистер, мектеп директорлору, соцпедагогдор, тарбия завучтар катышты.
Кеңешмеде билим берүү тармагын жакшыртуу, билим сапатын жогорулатуу;
-Кибер кылмыштуулук жана алдамчылыктын алдын алууда жүргүзүлүп жаткан иштер;
-Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук,мектеп рекетинин алдын алууда аткарылып жаткан иштер;
-Эрте никеге туруунун алдын алуу багытында аткарылып жаткан иштер;
-Диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу;
-Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу.
Жыйында ар бир маселе боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, билим сапатын жакшыртуу боюнча сунуш пикирлер айтылып, тиешелүү жана конкреттүү тапшырмалар берилди.