27 август 2026
Кароолор: 3
Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн Таш-Дөбө айылынын тургундары менен жолукту.

2026-жылдын 27-августунда Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн Таш-Дөбө айылынын тургундары менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө айылдын жолун асфальттоого даярдык иштери менен жеринен таанышып, курулуп жаткан жолдун сапатына өзгөчө көңүл буруу жана эл үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жол курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.