31 январь 2025

Кароолор: 17

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында райондук мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жыйын өткөрүлдү

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында райондук мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жыйын өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралып, тиешелүү тапшырмалар берилди.:

1. Кадамжай районунун аймагында 2025-жылдын жазгы талаа иштерине карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө.

2.Чарбалар аралык каналдарды, ички чарбалык каналдарды жана арыктарды тазалоо, калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү жөнүндө.

3. “Жашыл Мурас” өнөктүгүнүн алкагында бак дарактарды отургузуу жөнүндө.

4. Райондун аймагындагы таштанды таштоочу жайлардын айланасын тосуу жана ар бир айылдан таштанды чыгарууну колго алуу жөнүндө.

Ошондой эле эхинококкоз оорусун алдын алуу боюнча Кадамжай санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн бөлүм башчысы Ы.Карабаев, Райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башчысы С.Калыков кеңири маалымат беришти.