20 сентябрь 2024

Кароолор: 84

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында тиешелүү мекеме ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте жыйын өткөрүлдү.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында тиешелүү мекеме ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте жыйын өткөрүлүп төмөнкү маселелер каралды:
1. Баткен облусунун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасынын алкагында Бирлик, Ак-Турпак а.а. Айдаркен, Кадамжай ш. ишке ашырылып жаткан  инвестициялык долбоорлордун бүгүнкү күндөгү абалы жөнүндө. 
2. Кадамжай өнүктүрүү фондуна 2025-жылга карата сунушталуучу долбоорлор жөнүндө.
3. 2025-жылга карата дем берүүчү грант эсебинен каржылоого сунушталуучу долбоорлор жөнүндө.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндөгү” №207 токтомуна негиз, айыл аймактардагы СПАлардын жана ээси жок ички чарбалык каналдардын райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлүүсүнүн абалы жөнүндө.
5. 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата райондун калкын, социалдык объктилерди көмүр отун менен камсыз кылуу жана даярдыктарынын жүрүшү жөнүндө.
6. Уч-Коргон, А.Масалиев, Орозбеков, Исхак-Полотхан айыл аймактарындагы жана Кадамжай шаарындагы дарыя жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу иштеринин жүрүшү жөнүндө.
7. Ар түрдүү маселелер.