26 август 2024
Кароолор: 148
Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында жыйын өткөрүлдү.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында жыйын өткөрүлдү.
Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында райондук суу чарба башкармалыгы, КРнын ӨКМнин Кадамжай райондук бөлүмү, райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, райондук суу чарба башкармалыгы, Уч-Коргон токой чарбасы, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана райондук камсыздандыруудан өткөрүү бөлүмү катышуусунда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликти жыйын өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралып, тиешелүү тапшырмалар берилди.
1. Турак үйлөрдү камсыздандыруудан өткөрүү;
2. Сел жүрүүчү сайларга габиондорду орнотуу;
3. Сел кесепетинен алдын алууда ички каналдарды тазалоо;
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 15-майындагы “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө Типтүү жобону бекитүү тууралуу” №04-13/152 буйругуна ылайык, аймактагы жакынкы жайыттарга мал багууга тыюу салынышы;
5. Жайыттарга себилген үрөндөргө мониторинг жүргүзүү;
6. Уч-Коргон, А.Масалиев, Орозбеков, Исхак-Полотхан айыл аймактарындагы жана Кадамжай шаарындагы дарыя жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу иштеринин жүрүшү;
7. 2024-жылдын күз айларына карата шаарларга, айылдарга көчөттөрдү отургузууну пландаштыруу;
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндөгү” №207 токтомуна негиз, айыл аймактардагы СПАлардын жана ээси жок ич