23 январь 2026

Кароолор: 7

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы – акимдин тапшырмасынын негизинде райондун аймагында жеке ишкерлер тарабынан сатылып жаткан көмүрдүн баасын турукташтыруу максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

2026-жылдын 23-январында Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы – акимдин тапшырмасынын негизинде райондун аймагында жеке ишкерлер тарабынан сатылып жаткан көмүрдүн баасын турукташтыруу максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин алкагында Кадамжай районундагы «Торговый» жана «Баяман Баатыр» базарларындагы, ошондой эле Кадамжай шаарындагы жана райондун аймактарындагы көмүр саткан жеке ишкерлердин соода түйүндөрүндө көмүрдүн баалары текшерилди. Ишкерлерге Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленген бааларды сактоо, ошондой эле бааларды негизсиз жогорулаткан учурларда катуу чаралар көрүлөрү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага:

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен аймактык башкармалыгы,

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү,

Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык бөлүмчөлөрүнүн башчылары,

шаарлардын мэрлери жана айыл өкмөттөрдүн башчылары катышты.

Мындай рейддик иш-чаралар көмүрдүн баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө жана калкты социалдык жактан коргоо максатында мындан ары да туруктуу негизде жүргүзүлөт.