18 июнь 2024
Кароолор: 137
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясына жарандардын кайрылуулары жөнүндө маалымат

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясына жарандардын кайрылуулары жөнүндө маалымат:
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы, КРнын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы №197 тескемесинин аткарууга алуу максатында, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын “Коомдук кабылдамасы”, “ишеним телефону” уюштурулуп, жооптуу кызматкер бекитилген жана коомдук кабылдамага, “ишеним (0 36 55) 5 04 95, моб.тел. 0554300432 телефондоруна” кайрылуу мүмкүнчүлүгү тууралуу райондук “Эл Жарчысы” гезитине жарыялар берилген.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 17-январындагы “Жарандардын кабыл алуу графигин бекитүү жөнүндөгү” №01-15/09-б буйругу менен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин жана орун басарларынын, аппарат жетекчисинин жарандарды өздүк маселелер боюнча коомдук кабылдамага кабыл алуу графиктери бекитилип, графикке ылайык райондун акими жумасына 2 жолу, орун басарлары, аппарат жетекчиси тарабынан жумасына бир жолу жарандарды өздүк маселелер боюнча жеке кабыл алуу уюштурулган.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында иш кагаздары жана жарандардын арыз-даттануулары менен иштөөнү жакшыртуу жана өркүндөтүү максатында электрондук документ жүгүртүү автоматташтырылган маалыматтар тутуму (СЭД) аркылуу кат жана жарандардын кайрылуулары катталып келүүдө.
Материалдык жардам көрсөтүү боюнча райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин резервдик фондунун тартибине ылайык, белгиленген тартипте көрсөтүлөт. Кабыл алынган арыздар Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” №67 Мыйзамына ылайык кароонун мөөнөтү мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же компетенцияларына ылайык кызмат адамына келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде кароого алынып, арыз ээсине жазуу жүзүндө почта байланыш түйүнү аркылуу жиберилет.