30 декабрь 2025

Кароолор: 3

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б. Баяке уулу Айдаркен шаарындагы Азирет-Али медресесинин жаңыланган спорт залына барып, жеринен таанышты.

Залдын абалы, түзүлгөн шарттар жана жаштардын спорт менен машыгуусуна болгон мүмкүнчүлүктөрү каралып, мындан аркы өнүктүрүү багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Аким жаштарды сергек жашоого үндөгөн мындай демилгелер ар дайым колдоого алынарын белгиледи.