31 март 2026
Кароолор: 11
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Баяке уулу Айдаркен шаарына жана Бирлик айыл өкмөтүнө иш сапары менен барып, шаар мэри, айыл өкмөт башчысы жана айылдык кеңештердин депутаттары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактын социалдык-экономикалык абалы, аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы негизги милдеттер кеңири талкууланды. Ошондой эле жергиликтүү деңгээлдеги актуалдуу маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору боюнча пикир алмашуу болду.
Жыйынтыгында, коюлган милдеттерди өз убагында жана натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди.