01 апрель 2026

Кароолор: 13

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу Кадамжай шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын көрктөндүрүү жана тазалыкты камсыз кылуу маселелери талкууланды. Аким тургундар менен түз баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин угуп, көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Иш-чаранын алкагында аймакты көрктөндүрүүгө активдүү катышкан жашоочулар белгиленип, аларга ыраазычылык билдирилди. Өзгөчө демилгечил жана үлгүлүү тургундарга сертификаттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мындай жолугушуулар жергиликтүү бийлик менен калктын ортосундагы байланышты чыңдоого, ошондой эле шаарды өнүктүрүүгө жарандардын активдүү катышуусун арттырууга багытталган.