15 апрель 2026
Кароолор: 2
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Баяке уулу Молдо-Нияз айыл аймагынын Кайтпас жана Кыргыз-Кыштак айылдарынын тургундары менен элдик жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө аким айыл тургундарынын жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерине аларды чечүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле, учурда жайкы талаа иштери башталгандыгына байланыштуу, айыл тургундары сугат суусун үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселесин көтөрүп, өз сунуш-пикирлерин билдиришти.
Мындай жолугушуулар эл менен ачык диалог түзүүгө, көйгөйлөрдү жеринде аныктап, ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.