14 март 2025
Кароолор: 32
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулунун катышуусунда эхинококкоз жана альвеококкоз, бруцеллез ооруларына каршы иш чараларды күчөтүү максатында жыйын өткөрүлдү.

Бүгүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулунун катышуусунда эхинококкоз жана альвеококкоз, бруцеллез ооруларына каршы иш чараларды күчөтүү максатында жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга райондук ветеринардык башкармалыктын жетекчиси, санэпидкөзөмөл борборунун адистери, шаардык мэрия жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ветеринар адистери , жеке ветеринарлар катышты. Эл арасында эхиноккоз, альвеококкоз оорусу катталган очокто итти дегельментизациялоодо туура кармоонун эрежелери, жолбун иттерди атуу жана башка тиешелүү иштерди аткаруу тапшырмасы берилди.