13 апрель 2026

Кароолор: 14

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги алдында аппараттык кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеге район аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты.

Жыйындын алкагында райондун учурдагы абалы, жүргүзүлүп жаткан иштер жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө байланышкан маселелер талкууланды. Тиешелүү тармак жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышын камсыз кылуу милдети коюлду.