22 июнь 2026

Кароолор: 5

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги алдында аппараттык кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешмеге район аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө райондогу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, сел коркунучу жаралган аймактардагы абал жана жүргүзүлүп жаткан коргоо иш-чаралары кеңири талкууланды. Тиешелүү кызматтарга селдин кесепеттерин болтурбоо, кооптуу тилкелерди көзөмөлдөө жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү каралып, инфраструктураны жакшыртуу, инвестиция тартуу, айыл чарба жана өндүрүш тармактарын өнүктүрүү, калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү талданды.

Кеңешменин жыйынтыгында тармак жетекчилерине белгиленген милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча тапшырмалар берилип, алардын аткарылышын көзөмөлдөө милдети коюлду.