09 сентябрь 2026
Кароолор: 12
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги алдында жыйын болуп өттү.

2026-жылдын 9-сентябрында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги алдында жыйын болуп өттү. Жыйынга район аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты.
Жыйында райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн учурдагы абалы, республикалык жана жергиликтүү салык план-тапшырмаларынын аткарылышы, дем берүүчү гранттар жана Райондун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган долбоорлордун жүрүшү талкууланды. Ошондой эле ачылуучу объектилер, 2026–2027-жаңы окуу жылына даярдык, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана калкты көмүр менен камсыз кылуу маселелери каралды.
Мындан сырткары, «Социалдык келишим» долбоору боюнча бөлүнгөн квоталардын аткарылышы, «Жашыл Мурас» программасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жана аймактардагы катуу тиричилик калдыктарын таштоочу жайлардын абалы боюнча маалыматтар угулду.
Жыйындын жүрүшүндө аким Б.Баяке уулу тиешелүү жетекчилерге каралган маселелер боюнча конкреттүү тапшырмаларды берип, алардын аткарылышын камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.