03 февраль 2026
Кароолор: 3
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Болоткан Баяке уулу Кадамжай районунун Орозбеков айылында курулган логистикалык борборлордун учурдагы абалы менен жеринен таанышты.

2026-жылдын 3-февралында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Болоткан Баяке уулу Кадамжай районунун Орозбеков айылында курулган логистикалык борборлордун учурдагы абалы менен жеринен таанышты.
Ошондой эле аталган айылдагы мал союлуучу жайдын иштөө шарттарын көрүп чыгып, тиешелүү жетекчилерге бир катар сунуш-пикирлерин билдирди.
Күндүн экинчи жарымында район жетекчиси Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын тургундары менен жолугушуп, айыл аймагында курулуп жаткан парктын абалы менен таанышты.
Андан соң Жошук айылындагы бала бакчанын учурдагы шартын көрүп чыгып, имаратты оңдоп-түзөө иштери 2026-жылы долбоордун алкагында ишке ашырылышы керектигин белгилеп, иштердин аткарылыш тартиби боюнча маалымат алды.
Мындан тышкары, аким Нургазиев каналында жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен жеринен таанышып, курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.
Ошондой эле аталган канал жергиликтүү тургундар үчүн мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилиши керектигин белгиледи.