01 июль 2026
Кароолор: 8
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М. Айтматов Орозбеков айыл аймагында жайгашкан Молдо Нияз музей-комплексине барып кабар алды

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М. Айтматов Орозбеков айыл аймагында жайгашкан Молдо Нияз музей-комплексине барып, музейдин учурдагы ишмердүүлүгү, материалдык-техникалык абалы, экспонаттарды сактоо шарттары жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кабар алды.
Иш сапарынын жүрүшүндө музей фондун сактоо, тарыхый-маданий мурастарды мамлекеттик коргоого алуу, музейдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана анын ишмердүүлүгүн андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Молдо Нияз атындагы мамлекеттик тарыхый-мемориалдык музейдин түзүлүшү улуттук тарыхый-маданий мурастарды сактоо, улуу акындын чыгармачылык мурасын даңазалоо жана аны кийинки муундарга жеткирүү багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.