19 февраль 2026

Кароолор: 18

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары дайындалды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык Акматов Айжигит Батыралиевич Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчини жамаатка КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Алтынбек Сейитказыев тааныштырды.