22 январь 2025
Кароолор: 23
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында кеңейтилген жыйын өткөрүлдү

2025-жылдын 22-январында шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин төрагалары,даанышман аксакалдар мүчөлөрү,аялдар кеңеши, жаштар кеңеши, райондун имам хатиби,айыл аймактын баш имамдары, райондук ички иштер бөлүмү, эмгек социалдык коргоо жана миграция башкармалыгы, райондук билим берүү бөлүмү, мектептердин соцпедагогдору,ата-энелер комитетинин төрайымдары,кесиптик лицейлердин уюштуруу бөлүмүнүн башчылары, ата-энелер комитетинин төрайым төрагаларынын катышуусунда акимдин орун басарынын алдында кеңейтилген жыйын болуп өттү.
Ал жыйында Россия Федерациясынын аймагында антимигранттык саясаттын жана мыйзамсыз миграцияга каршы чаралардын күчөтүлүшү боюнча келип түшкөн маалымат боюнча;
Кыргыз Республикасынын Президентинин No296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” КР Мыйзамын ишке ашыруу боюнча
КР Президентинин “КР үйбүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” No54 Жарлыгынын талаптарынын аткарылышы жөнүндө.
КР 2017-жылдагы No63 мыйзамы Үй булөдөгү зордук зомбулуктун алдын алуу;
Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында катталып жаткан суицид, кылмыштуулук, эрте никеге туруунун алдын алуу;
Үй булөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жаатында маселелер каралып, жыйын катышуучулары арасында кеңири талкуу, суроо жооп менен коштолду.