18 сентябрь 2024

Кароолор: 78

Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл аймагындагы алыскы аймакта жайгашкан көп жылдардан бери башталбай жаткан Совет айылына баруучу Кан – Борбалык автоунаа жолунун 5 км аралыгына 36 млн сомдук асфальт төшөө иштери башталды.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулу тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери менен биргеликте жолдун курулуш иштери менен жеринде таанышып, аталган жолго асфальт төшөө иштерин кыска мөөнөттө аягына чыгаруу боюнча тапшырмаларды берди.