20 май 2026

Кароолор: 8

Кадамжай районунун окуучу кыздар волейбол командасы республикалык мелдеште II орунду ээледи

Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулу Кыргыз Республикасынын “Мектеп лигасы” спорттук долбоорунун IV этаптагы республикалык мелдешинде волейбол боюнча ийгиликтүү оюн көрсөтүп, II орунду багындырган Кадамжай райондук жалпы билим берүү мектептеринин окуучу кыздар командасын кабыл алып, куттуктады.

Команданын ийгилигине чоң салым кошкон дене тарбия сабагынын мугалими С.Ташбалтаев жетектеген кыздар командасы республикалык деңгээлде жогорку даярдыкты, ынтымакты жана спорттук чеберчиликти көрсөтө алды.

Аким өз сөзүндө жаш спортчулардын жетишкендиги район үчүн чоң сыймык экенин белгилеп, алардын мындан аркы ийгиликтерине ишеним артты. Ошондой эле команданын машыктыруучусуна жана ата-энелерге ыраазычылык билдирип, жаштарды спортко үндөө — келечек үчүн маанилүү кадам экенин баса белгиледи.