21 июнь 2026

Кароолор: 11

Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагына караштуу Кызыл-Булак айылында Тамаша сайында жана Кадамжай шаарында келген сел суулары катталды.

2026-жылдын 20-июнунда Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагына караштуу Кызыл-Булак айылында Тамаша сайында жана Кадамжай шаарында келген сел суулары катталды.

Сел түшкөндөн кийин, жеринде тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам иш-чаралар уюштурулуп, атайын техникалар тартылып, селдин кесепеттерин жоюу жана тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Табигый кырсыктын кесепетинен турак жайларга, чарбалык курулуштарга жана мал-жандыктарга зыян келтирилген жок.