01 июль 2024
Кароолор: 82
Кадамжай районунун селден тазалоо иштери боюнча

Кадамжай районунда селден тазалоо иштери жүрүүдө
Кечээ 23-июнь күнү түштөн кийин жааган нөшөрлүү жамгырдан кийин Кадамжай районунун А.Орозбеков, Ак-Турпак, Уч-Коргон, Майдан жана Молдо-Нияз айыл аймактарында сел жүрдү.
Ошол замат ӨКМ жергиликтүү башкармалыктаан ыкчам топтор тартылып, жолдор сел калдыктарынан тазаланып, учурда унаа жолдор жана жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор ачылды.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу, КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Т.Айткулов, КР ӨКМ Кадамжай райондук бөлүмүнүн башчысы Р.Айтиев жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын катышуусунда 2024-жылдын 23-июнь күнү райондун аймагында катуу жаандын натыйжасында А.Орозбеков, Ак-Турпак, Уч-Коргон, Майдан жана Молдо-Нияз айыл аймактарында катталган селдин кесепеттерин жоюу, өзгөчө кырсыктардын алдын алуу жана ыкчам иш аракеттерди көрүү максатында жыйын болуп өттү. Жыйынтыгында мекеме ишканалардын жетекчилерине тиешелүүлүгүнө жараша тапшырмалар берилди.
Табигый кырсык адам өмүрүнө зыян келтирген жок.
Селден тазалоо иштери уланууда.