06 февраль 2025
Кароолор: 34
Кадамжай районунун социалдык- экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуунун алкагында атайын окутуу болуп өттү

2025-жылдын 5-6-февраль күндөрү Кадамжай районунун 2025-2029- жылдарга карата түзүлүп жаткан социалдык- экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуунун алкагында, программанын долбооруна толуктоолорду киргизүүчү практикалык семинар болуп өттү.
Практикалык семинар Өнүктүрүү саясат институтунун мыкты консультанттары жана эксперттернин жардамы менен биргеликте өткөрүлдү.
Семинарга райондук деңгээлдеги бардык ишканалардын тиешелүү адистери жана коомчулуктун, бизнестин, жаштардын өкүлдөрү активдүү катышты.