26 сентябрь 2024
Кароолор: 71
Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын эли менен жолугушуу өткөрүлдү.

Бүгүн аким Б.Баяке уулу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү генерал-майор Алимбаев Абдикарим Карбековичтин жетекчилиги астында Үч-Коргон айыл аймагынын эли менен жолугушуу өткөрүлдү.
Уч-Коргон айыл аймак эли сугат суу, таза суу, жол, бала бакча, спорттук зал маселелерин көтөрүп, көпүрөлөрдү, жолдорду ондоо, Боз-Кара-Кыштак каналын бүткөрүү зарылчылыгын белгилешти.
Жыйында ар бир суроого тийиштүү жетекчилердин катышуусунда жооп берилип,бир канча маселени жеринде чечүүгө шарт түзүлдү