28 июль 2025

Кароолор: 17

Кадамжай районунун Жарандык коргонуу абалын комплекстүү баалоо боюнча жыйын болуп өттү

2025-жылдын 28-июлунда, Кадамжай районунун Жарандык коргонуу абалын комплекстүү баалоо боюнча жыйын болуп өттү. Аталган жыйын 2025-жылга карата даярдык Планынын алкагында жарандык коргонуу абалын комплекстүү баалоо иш-чарасы 28-июлдан 30-июлга чейин болуп өтөт.

Жыйынга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Б.Коргонбаев, орун басары М.Айтматов, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ошондой эле КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жарандык коргонуу багытындагы даярдык деңгээли каралып, комплекстүү баалоого байланыштуу уюштуруу иштери такталып, тиешелүү тараптарга тапшырмалар жүктөлдү