26 август 2024
Кароолор: 84
Кадамжай районунун жаштарынын жаңы жетишкендиктери!

Кадамжай районунун жаштарынын жаңы жетишкендиктери!
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Болоткан Баяке уулунун Жаштар саясатын колдоодо жүргүзүп жаткан иш аракеттеринин натыйжасында райондун аймагында жаштардын катышуусунда 2024-жылдын апрель айынан август айына чейин жашыл көндүмдөр, санарип, жана лидерлик боюнча иш-чаралар аткарылды.
Энактус Кыргызстан, Евро Биримдиктин жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан райондук жаштар комитетинин төрагасы А.Арипов Германия мамлекетине жолдомо алып, жаштар тармагында тажрыйбасын жогорулатууга мүмкүнчүлүккө ээ болду.