11 сентябрь 2024

Кароолор: 73

Кадамжай шаарын көркүнө чыгаруу

Кадамжай шаарын көркүнө чыгаруу иштери райондук мамлекеттик администрация, шаардык мэрия тарабынан колго алынып, шаардын борборундагы А.Орозбеков көчөсүнүн бойлорундагы тейлөө обьектилеринин тышкы көрүнүшүн бир калыпка алып келүү иштери кызуу башталды. Атап айтканда соода сатык жүргүзгөн обьектилердин ээлери менен райондук мамлекеттик администрациясында жолугушуу уюштурулуп, шаарыбызды көрккө чыгаруу боюнча райондук мекеме ишканаларга жана жеке тараптарга бир топ тапшырмалар коюлган.

Ал эми тейлөө обьектилеринин жагымсыз көрүнүштөгү көрнөк жарнактарын алуу иштери уюштурулуп, шаардын борборундагы 100 гө жакын мыйзамсыз илинген жарнамалар алдырылган.

Райондун борбору болгон Кадамжай шаарын мындан ары көркүн чыгаруу, көчө бойлорун бир калыпка алып келүү, түнкү жарыктандырууларды орнотуу жана мыйзамсыз болгон көрүнүштөрдү алдын алуу иштери улантылат.