20 ноябрь 2025

Кароолор: 17

Кадамжай шаарында азык-түлүк жарманкеси өткөрүлдү

2025-жылдын 20-ноябрында Кадамжай шаарынын А. Жалилов көчөсүндө ири азык-түлүк жарманкеси болуп өттү.

Иш-чара Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен уюштурулуп, жергиликтүү дыйкандар, айыл чарба кооперациялары жана өндүрүүчүлөр өз продукцияларын түз элге сунушташты.

Жарманкенин негизги максаты – калкты сапаттуу жана жеткиликтүү баадагы азык-түлүк менен камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү өндүрүүчүлөргө өз продукцияларын сатуусуна көмөк көрсөтүү болду. Иш-чарада жашылча-жемиш, эт-сүт азыктары, бал, кургатылган мөмөлөр жана үй шартында даярдалган табигый азыктар сатыкка коюлду.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы мындан ары да баанын туруктуулугун камсыздоого жана жарандардын азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды үзгүлтүксүз улантарын белгилейт.