09 февраль 2026

Кароолор: 5

Кадамжай шаарында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулунун жаштар саясатын системалуу түрдө өнүктүрүүгө, жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана алардын демилгелерин колдоого багытталган ишмердүүлүгүнүн уландысы

2026-жылдын 9-февралында Кадамжай шаарында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулунун жаштар саясатын системалуу түрдө өнүктүрүүгө, жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана алардын демилгелерин колдоого багытталган ишмердүүлүгүнүн уландысы катары жаштар үчүн дагы бир заманбап жаштар борбору салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине Япония мамлекетинен келген туруктуу экономикалык өнүгүү боюнча адис Дайки Наито, ПРООН уюмунун долбоор боюнча координатору Кубан Кошоев жана ПРООНдун Баткен облусундагы өкүлү Бакиров Акын ардактуу конок катары катышып, жаңы борбордун ачылышына күбө болушту. Аталган борбор Бириккен Улуттур Уюмунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.

Ошондой эле иш-чарага Кадамжай шаарынын аппарат жетекчиси Гулшан Тургунова, шаардык жана райондук жаштар кеңештеринин өкүлдөрү, активдүү ыктыярчылар катышып, жаштар үчүн түзүлгөн бул жаңы мүмкүнчүлүккө ак тилектерин билдиришти.

Аталган жаштар борбору мындан ары жаштардын өзүн өнүктүрүүсүнө, жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга, демилгелерди ишке ашырууга жана коомдук турмушка активдүү аралашуусуна өбөлгө түзө турган маанилүү аянтча болору белгиленди. Келечекте ушул сыяктуу борборлор аймактарда да ачылып, жаштарга жагымдуу шарттар түзүлүшү пландалууда.