28 апрель 2026
Кароолор: 7
Кадамжай шаарында коопсуз миграция жана адам сатууга каршы аракеттенүү боюнча тренинг болуп, өттү

2026-жылдын 27–28-апрель күндөрү Баткен облусунун Кадамжай шаарында коопсуз миграцияны камсыздоо, адам сатууга каршы аракеттенүү жана трансчек аралык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган практикалык окутуу тренинг өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы №493 токтомунун алкагында кабыл алынган адам сатууга каршы аракеттенүү боюнча Улуттук багыттоо механизмин ишке ашыруу максатында уюштурулду. Тренинг «Благодать» коомдук фонду тарабынан Эл аралык миграция уюму менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында өткөрүлдү.
Тренингдин жүрүшүндө Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары М. Айтматов, Жогорку Кеңештин алдындагы миграция жана адам сатууга каршы кеңештин катчылыгынын орун басары Марлис Джумабаев жана “ДИА” коомдук баш калкалоочу жайынын психологу Гулипа Борбиева баяндама жасап, практикалык сабактар өткөрүлдү.
Окутуу Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында уюштурулуп, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын жана чек ара кызматынын өкүлдөрүнөн турган 20 адам катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш аймактарында туруктуу өнүгүүнү камсыздоо жана жергиликтүү коомчулуктардын өз ара кызматташуусун чыңдоо болуп саналат.
Тренингдин алкагында катышуучулар адам сатууга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдери, коопсуз миграция маселелери жана мекемелер аралык кызматташууну жакшыртуу боюнча практикалык билим алышты.