14 июль 2026

Кароолор: 8

Кадамжай шаарында турак жайларды жана автоунааларды камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

"Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун" Баткен филиалынын кызматкерлери Кадамжай району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Кадамжай шаарында турак үйлөрдү жана автоунааларды милдеттүү камсыздандырууга тартуу боюнча үймө-үй маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга камсыздандыруунун мааниси, анын артыкчылыктары, камсыздандыруу келишимин түзүүнүн тартиби жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен келтирилген чыгымдардын ордун толтуруудагы ролу тууралуу кеңири маалымат берилди.

Урматтуу жарандар! Өзүңүздүн турак жайыңызды жана автоунааңызды өз убагында камсыздандырып, мүлкүңүздү күтүлбөгөн тобокелчиликтерден коргоңуз.