17 февраль 2026
Кароолор: 5
Кадамжай шаарында зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш өткөрүлдү

2026-жылдын 17-февралында Кадамжай шаарында зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — коомчулуктун көңүлүн зордук-зомбулук маселесине буруу, анын алдын алуу жана жарандарды биримдикке чакыруу болду.
Жөө жүрүшкө райондук мекеме-ишкана кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, социалдык педагогдор, социалдык адистер, айыл башчылары жана жаштар активдүү катышып, коомдо тынчтыкты, өз ара сый-урматты жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого чакырышты.
Мындай иш-чаралар мындан ары да улантыларын белгилеп, коомдогу ар бир жаранды кайдыгер болбоого жана зордук-зомбулукка каршы биргелешип аракеттенүүгө чакырабыз.