28 июнь 2025

Кароолор: 15

Кадамжай шаарынын Восточный көчөсүнүн тургундары менен жолугушуу өткөрүлдү

Бүгүн, 28-июнь күнү, Кадамжай шаарынын Восточный көчөсүндө жашаган тургундар менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу, Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажанов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана адистери, ошондой эле жергиликтүү жашоочулар катышты.

Бул жолугушуу жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган маселелерди жеринде угуу жана ыкчам чечүү максатында уюштурулду. Эл тараптан негизинен көчө жарыктандыруу, жолдорду оңдоо, суу менен камсыздоо, тазалык жана коопсуздук маселелери көтөрүлдү.

Жолугушуу учурунда ар бир маселе кылдат угулуп, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери тарабынан түшүндүрмөлөр жана жооптор берилди. Райондун акими Б.Баяке уулу ар бир жарандын көйгөйү көңүл сыртында калбастыгын баса белгилеп, көтөрүлгөн маселелерди этап-этабы менен чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү.

Мындай ачык форматтагы жолугушуулар мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп, жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын өз учурунда угуп, ыкчам чаралар көрүлөт.