01 август 2026
Кароолор: 14
КАДАМЖАЙДА ДЕМ БЕРҮҮЧҮ ГРАНТ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН КАРАЖАТЫНА КУРУЛУП ЖАТКАН ОБЪЕКТИЛЕР КӨЗӨМӨЛДӨНДҮ

2026-жылдын 1-августунда Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл аймагында Дем берүүчү грант жана Өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен курулуп жаткан объектилерге жеринде барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө аким аткарылып жаткан курулуш иштеринин сапатына, белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына жана бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына өзгөчө көңүл бурду.
Ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жана подрядчы уюмдардын өкүлдөрүнө курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү, аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюу жана объектилерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.